Жакында "Биздин Жумаш" деген аталышта Улуу Ата Мекендик согушка арналган долбоор старт алганы турат. "Агитбригада" коомдук кайрымдуулук фонду уюштуруп жаткан топ Орусия, Беларусь, Польша жана Германия өлкөлөрүн кыдырмакчы. Иш-чаранын максаты - дүйнөгө тынчтык орнотуу үчүн канын, жанын аябастан фашисттик кара күчтү тизгиндеген советтик жана кыргыз жоокерлерге таазим кылуу, улуттар аралык ынтымакты бекемдөө жана жаштарды патриоттуулукка үндөө.
Акция Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевдин кичи мекенинде старт алат. Алгач жоокердин туулган жери Ысык-Көл облусунун Ак-Суу району менен Каракол, Жети-Өгүз жана Тоңдогу мектеп окуучуларынын арасында "Бизге тынчтык тартуулаган өмүрлөрдү барктаймын" темасында дил баян сынагы өткөрүлөт. Андан соң Караколдо Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерүү митинги болмокчу.
Кийинки бөлүктө Орусия, Беларусь, Польша жана Германиядагы салгылашууларда кыргыз жоокерлери эрдик көрсөткөн аймактарга жүрүш жасалат. "Жүрүш СССРдин жүрөгүн коргоодо кашык каны калганча душманга каршылык көрсөткөн панфиловчулардын Москвадагы мемориалдык жайында башталат. Акциянын негизги бөлүгү мекендешибиз Жумаш Асаналиевдин сөөгү жаткан Витебсктин алдында өтөт. Ал согуш учурунда жарадар болгон командирин куткарып, огу түгөнгүчө душманга айбат көрсөткөн. Акыры курчоодо калган тоо жүрөк кыргыз уулу колундагы соңку гранатасын жардырып, жакындап келген фашисттердин жолун бууган эле. Анын бул эрдигин беларусь эли "Биздин Жумаш" деп, күнү бүгүнкүгө чейин сыймыктануу менен эскерет",- дейт фонддун жетекчиси Керим Шатманов. "Былтыр жердешибиз Жумаш Асаналиевге куран окуп, эстелигине гүл коюп кетели деп жергиликтүү айдоочудан ал көчө кайда экенин сурадым. Таң калуу менен тиктеген айдоочу “ал биздин Жумаш да" дегенде жүрөгүм болк этти. Демек, биздин Жумаш алардын да Жумашы. Бул өтө баа жеткис. Ошон үчүн быйылкы жүрүштү "Биздин Жумаш" деп атадык",- деп кошумчалады К.Шатманов.
Дүйнөнү канга боёгон кара күн башталган 75 жылдыкты утурлай өткөрүлө турган эскерүү акциясын колдоо керектигин белгилеген Беларустун Кыргыз Республикасындагы элчиси Виктор Денисенко буларга токтолду: "Тилекке каршы, азыр да согуштар болууда. Андыктан бул иш-чара бүгүнкү күндүн талабы. 30 миллионго жакын адам өмүрүн алган Экинчи дүйнөлүк согушта беларусь эли 2,2 миллион адамынан айрылса, 400 миңинин дайыны чыкпай калган. Ал жылдары биздин жерде кыргыз жоокерлеринин да каны төгүлгөн. Алсак, Беларусь аймагындагы салгылаштарда көрсөткөн эрдиктери үчүн 20 кыргыз жоокери "Советтер Союзунун Баатыры" наамына татыган".
Маалым болгондой, эки жыл мурун долбоорду эки адам гана баштаса, бүгүн алардын катары күн санап көбөйүүдө. Өткөн жылы иш-чараларды ишке ашырууга өлкө башчы, парламент төрагасы жана бир катар жаштар көмөк көрсөтүшкөн. Быйыл жүрүшчүлөрдүн катарын вокалист Элнура Самарбекова жана Жогорку Кеңештин депутаты Узарбек Жылкыбаев толуктады. Долбоорго катышуу сунушун кубануу менен кабыл алган эл өкүлү башка кесиптештерин да үндөй турганын айтып: "Советтик аскерлер бир туугандай бир катарда туруп жеңишке жетишти. "Беларусь, орус - боордош эл" деген сөз мына ошондон калган да, бирок бүгүн аны жеригендер болууда. Ошондуктан мындай иш-чара аркылуу жаштарга өткөндү эсине салып, жеңишти советтик аскерлер камсыздаганын айтуу менен элдердин ынтымагын бекемдешибиз кажет",- деди.
Жүрүштүн соңу Польша жана Германиядагы кыргыз жоокерлеринин сөөгү жаткан жерлерде жыйынтыкталат. Фонд жетекчисинин айтымында, Берлиндеги салгылашта 60 кыргыз жоокери курман болгон. Ар бир иш-чарада топтун өкүлдөрү жоокерлерге куран окуп, гүлчамбар коюшса, күндүн экинчи бөлүгүндө кыргыз жеринен барган ырчылар жана бийчилер жергиликтүү элге кыргыз маданиятын даңазалашмакчы.