Бишкек мэриясынан кабарлашкандай, эртең, 17-мартта Бишкектин айрым аймактарында таза суу убактылуу токтотулат. Маалым болгондой, бул "Белинский" суу тосмосундагы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу.
Жыйынтыгында К.Акиев, М.Күрөңкеев, Логвиненко көчөлөрү, Чүй кең көчөсү, Панфилов көчөсү, Жибек-Жолу кең көчөсү, Абдрахманов жана Абдумомунов көчөлөрү менен кесилишкен аймактарда таза суу эртең мененки саат 9:00дөн 17:00гө чейин берилбейт.
"Бишкек суу-канал" ишканасы келтирилген ыңгайсыздык үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт.