Бишкекте кыргыз-чех достугун даңазалаган көргөзмө ачылды (фоторепортаж)

Бүгүн, 17-мартта Мамлекеттик тарых музейинде кыргыз-чех достугунун символуна айланган "Интергельпо" кооперативинин 90 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды. Көргөзмө кыргыз жерине иш сапары менен келген Чехия парламентинин төрагасы Ян Гамачек баштаган парламенттик делегацияга, КРнын Тарых жана маданият жылына карата уюштурулду.

Көргөзмөгө тарыхый материалдар – сүрөттөр, документтер, “Интергельпо” кооперативинин мүчөлөрүнө тиешелүү болгон буюмдар, продукциянын үлгүлөрү, КРнын Мамлекеттик тарых музейинин фондунда сакталган сыйлыктары коюлган. Көргөзмөнүн алкагында 1925-жылдардагы “Интергельпо” жумушчуларынын кыргыз жергесине келгени тууралуу кыска метраждуу даректүү фильм тартууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KANAT85
2016-03-17 12:05:37
Эптеп акча сураштыда чехтерден аны муну айтып))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан