SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Бишкек таза болуш үчүн эмне кыла аласыңар?" деген тема кызуу талкууланууда.
"Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот, жадакалса шейшеп да таза болот. Кыргыз жеринде мыйзамдын жоктугу өкүндүрөт. Мисалы, Орусияда аялдамада тамеки чексең айып салынат. Атайын тамеки чекчү жайга барып чегип келесиң. Аялдамада, сейил бакта, коомдук жайда чеккениңди полиция кызматкерлери көрүп калышса, камап салышат. Мына ушуга окшогон мыйзам керек. Ал эми кыргыз өлкөсүндө "штраф" деп жазып, маңдайында асылып турган жерге таштанды төгүшөт. Айта берсең сөз көп. Ар бирибиз тазалыкты өзүбүздөн баштасак жыйынтык берет деп ишенем",- дейт форумчулардын бири.
Башка колдонуучу: "Таштандыны кайра иштеп чыгуучу завод куруш керек жана адамдардын өзүн көчөдө алып жүрүү маданиятын өстүрбөсө жыйынтык чыкпайт. Ар бири туш тарапка таштанды таштай берсе, анан кантип таза шаар кура алабыз?"- дейт.
Дагы бир колдонуучу: "Көчөдөгү, арыктагы таштандылар өзүнөн-өзү пайда болбойт же асмандан түшпөйт. Сүйлөгөндө тилибиз буудай кууруйт, бул жерде "Кантебиз?" деп жазып отурсак, ким тазалайт эле? "Патриотпуз" дешет көбү, көчөдөгү бир кагазды алып коюштан уялып, көрмөксөн болуп өтүп кетишет. А ушундай эле патриоттукту көрсөткүңөр келсе, жаштар, тазалап баштагыла, жаз да келди. Автор, өзүңүз бир нерсе кылдыңызбы?"- деген билдирүү калтырган.
Мындан башка да түрдүү пикирлердин жарышы жүрүүдө.
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.