Бишкекте 7-апрель революциясын эскерүү курултайы өттү (фоторепортаж)

Бүгүн, 17-мартта Бишкекте 7-апрель революциясын эскерүү курултайы болуп өттү. Курултайга "Апрель байрагы", "Мекен шейиттери", "Айкөл Ала-Тоо", "Элдик кайрат" коомдук бирикмелеринин мүчөлөрү, Аксы окуясында каза болгондордун ата-энелери, Талас жана Нарын облустарынын тургундары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Апрель революциясына арналган видеотүрмөк көрсөтүлүп, ар бир коомдук бирикменин өкүлдөрү өткөндү эскерип, учурдагы абал тууралуу кеп козгошту. Курултайдын уюштуруучусу "Айкөл Ала-Тоо" бирикмесинин башчысынын орун басары Амантур Жамгырчиевдин айтымында, бүгүн 7 пункттан турган резолюция кабыл алынып, документ президент Алмазбек Атамбаевге, өкмөткө жана Жогорку Кеңештин төрагасына жөнөтүлдү.

"Эскерүү курултайын быйыл экинчи ирет өткөрүп жатабыз. Биздин максат Апрель баатырларын дагы бир жолу эскерүү, Апрель революциясы боюнча соттук иштердин аягына чыгышын талап кылуу, Бакиевдерди экстрадиция кылуу болуп саналат",- деди уюштуруучу.

Иш-чаранын алкагында 7-апрель революциясынын баатырларынын эстелигине гүл коюлуп, куран окулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Kasha03
2016-03-17 15:39:11
Баатырларыбыздын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун
+2
X-peria
2016-03-17 15:58:05
Эмне учун Ош окуясындагы чыныгы баатырларды эч ким мынтип эскербейт???!!!!
+4
tairermatov
2016-03-17 16:37:58
X-peria, мекенин коргогон эмес азыр ак уйбу бийликти алгандар баатыр болот.
+4
aibek90
2016-03-17 16:40:06
X-peria, себеби алар ХХХ ХХХ ХХХ...
0
admin_portal
2016-03-17 16:43:27
aibek90 - 5 күнгө БАН!
Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
0
ruslankg
2016-03-17 16:44:19
X-peria,ош окуясында курман болгондор чыныгы эли жерин суйгон потриотор болгон,кокустан курман болушпаган алар ош окуясында курман болгондорго баатыр наамын беришсе озбек туугандарда алышы мумкун.
+2
Lintel
2016-03-17 17:03:10
Бакиевди алып келсе жакшы болмок болгон чындыкты айтып бермек. Байликтин акмагы чыгатго анда.
+2
Alixan-Nookat.2015
2016-03-17 18:57:45
Жаткан жерлери жайлуу болсун каза болгондордун! Бирок 7-апрелдегилерди баатыр деп эсептебейм.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан