Бүгүн, 18-мартта Улуттук китепканада Тарых жана маданият жылынын алкагында прозаик, сатирик, Кыргыз Республикасынын Маданиятка эмгек сиңирген ишмери, жазуучу Касым Каимовдун 90 жылдыгына арналган “Көркөм сөздүн чебери” аттуу китеп көргөзмөсү ачылды.
Көргөзмөдө жазуучунун бардык китептери, гезит-журналдык публикациялар, ал жөнүндөгү ой-пикирлер, макалалар орун алган. Иш-чарага акын-жазуучулар, маданий кызматкерлер, студенттер, массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Айта кетсек, Каимов чыгармачылыгын 1942-жылы ыр, фельетон, очерк жазуудан баштаган. Биринчи китеби "Соңку жолугушуу” деген ат менен 1955-жылы чыккан. Жазуучунун повесть жанрындагы бурулуш мезгили катары анын "Бири-бирине окшобогон күндөр” повестин көрсөтүүгө болот. Чыгармада Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы оорукта калган балдардын турмушу кең-кесири чагылдырылган. Каимовдун орус тилинде "Ночь на перевале” (1958), "Атай” (1968), "Маршруты дружбы” (1970), "Степная звезда” (1972), "Жажда” (1985) жыйнактары чыккан. Каимов Ардак белгиси ордени жана бир нече медалдар менен сыйланган.