Өкмөт жооп берет: Жаш мугалимдерге мамлекеттен жер тилке жана 10 000 сом акчалай сыйлыктар тапшырылабы?

Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда "Суперстандагы" "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.

Суроо: - 2015-жылдын сентябрь айынан бери башталгыч класстын мугалими болуп иштейм. “Жаш мугалимге мамлекеттен 3000 сом сыйлык катары берет” деп жатышат. Бирок башка аймактарда жер тилке жана 10 000 сом акчалай сыйлыктар тапшырылыптыр. Ушул жөнүндө кененирээк маалымат бересиздерби? Суроо калтырган Mahabatym.

Жооп: - Өлкө аймагы боюнча жаш мугалимдерге так бир суммадагы акчалай жардам көрсөтүлбөйт. Бизде жалпы 56 райондук жана шаардык билим берүү бөлүмү бар. Алардын ар бири өз мүмкүнчүлүгүнө жараша жаш мугалимдерге жардам берүүгө аракет жасайт. Мисалы, мамлекет тарабынан каржыланган райондор жаш кадрларды убактылуу үй менен камсыздоого гана чамасы жетет. Ага караганда Нарын облусунун кээ бир райондорунда бийик тоолуу аймак деп айлыктарынын үстүнө 20-50 пайызга чейин кошумча акча бөлүнүп берилип жана убактылуу турак жай менен камсыз болот. Мисалы, Чүй облусунун Аламүдүн районунда жаш мугалимге ижарага үй берилет, коммуналдык төлөмдөрү каржыланат жана жол киреси төлөнүп берилет.

Суроого Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн адиси Нургүл Мамбетакунова жооп берди.

Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Shef87
2016-03-17 17:37:46
чондордун тууганы болсон берилет да
0
Adidas_91
2016-03-17 17:41:09
Чуй обл. аламидин району мммм ал райондо АША жашайтта, балык башынан сасыйт!
-2
Mahabbat
2016-03-17 23:47:34
Медиктердин айлыгы качан которулот?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан