ЭЛДИК ВИДЕО: Бразилияда экс-президенттин жогорку кызматка дайындалышына каршылар көчөгө чыгышты

Учурда Бразилияда болуп жаткан митингдер тууралуу видео SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө жүктөлдү (ник: Be_a_hero).

Материалда Бразилиянын бир канча жеринде өлкөнүн экс-президенти Лула да Силванын жаңы кызматка дайындалышына каршы чыккандар тууралуу баяндалат. Экс-президент жакында президенттик администрациянын башчысы болуп дайындалган. Каршылар аны коррупционер катары күнөөлөшүүдө. Митингчилердин бири "Луланы министр кылууга болбойт, аны отставкага кетирүү керек! Мен жөн гана Бразилиянын коррупциядан тажаган карапайым тургунумун" десе, дагы бири "биз маскарапоз эмеспиз, болгону Бразилия мындан да жакшы башкаруучуга татыктуу" дейт.

Видеону көрүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан