"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Достук айылындагы ооруканада эски төшөктөр жок" деп билдирди оорукана өкүлү

"Баткенде Кулунду жалпы дагыгерлик борборунун Достук бөлүмүнүн палаталарында эски төшөктөр жок, бейтаптарга жакшы шарт түзүлгөн",- деп билдирди бүгүн, 18-мартта оорукананын атынан байланышка чыккан Алтынбек Султанов.

"Оорукана бардык жагынан таза, матрастар эки жылда бир жаңыланат. Бейтаптардын арыздануусу үчүн атайын куту да коюлган",- дейт Султанов. "Төшөктөр маалымат "Элдик кабарга" чыккандан кийин алмаштырылдыбы?" деген суроого "жок, негизи эле ал жерде эски төшөктөр колдонулбайт" деген жоопту айтты.

Белгилей кетсек, жакында окурмандардын бири "Элдик кабарга" аталган айылдагы оорукананын төшөктөрүнүн эскилиги жеткенин айтып, сүрөттөрүн жиберген эле. Окурман сүрөттөр 2016-жылдын февралында тартылганын кабарлаган.

Төшөктөр эки жылда бир жаңыланса, мурункусунда 2014-жылдын февраль-март айларында, акыркы жолу 2016-жылдын февраль-март айларында жаңыланган болушу да мүмкүн...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
oroskulov1988
2016-03-18 10:55:04
биз ишендик
+1
beka1207
2016-03-18 10:59:39
Жаны матрацты кое калыпсынар балли!
А так любой эле ооруканада эски матрацтар болбой койбойт.
+6
ilek_ilek
2016-03-18 11:01:45
Корсотуп туруп алдайт ко
+2
newman
2016-03-18 11:18:27
Салофандыда чече элек турбайбы
0
orun
2016-03-18 11:59:49
Фуу уу. Дароо алмаштыра салышыптыр.
0
Rifle_3
2016-03-18 12:44:49
orun,огоо, баракелде деген керек. Алмашып, жаңыланганы эсеп.
+4
radyakiz
2016-03-18 13:14:47
Суротко тарткычакты алмаштырып )) кайра тартып буткондо дароо жыйнап салышса )))))
+2
Barsbek91
2016-03-19 18:37:29
таза болница екен фуу дегичен озундун уйунду таза кармабайсынбы ооруп калсан барасын бечера болуп жазганга кыйынсып!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан