ЭЛДИК ВИДЕО: "Колуңдан келгенин кыл" дедиң беле? Колумдан келгенин көрсөтөйүнбү?" деген кыз башка кызды сабап жатат

Бишкектин жаңы конуштарынын биринде болгон кыздардын "разборкасы" SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө жүктөлдү (ник: XxX_1).

Акыркы кездерде ушул сыяктуу уруш-талаштардын көбөйгөнү өкүндүрбөй койбойт. Айымдарыбыз таш боорлукту адатка айландырып, анысы аз келгенсип ал "эрдигин" интернет айдыңына жарыялоого өтүштү. Аял деген эне, аял деген бүт дүйнөнү кармап турчу мээрман эмеспи. Мындай нерселерди сабырдуулук, акылдуулук менен чечүүгө болор...

Материалда сабалып жаткан кыз берки кызды жана анын жакын адамын соцтармактарга жамандап жазганы үчүн андан өч алып жатканын алардын сөздөрүнөн байкоого болот. "Колуңдан келгенин кылып ал дедиң беле, көрсөтөйүнбү колумдан келгенин? Майрамбек сага "мырка" болуп калдыбы?"- деп сөгүнөт.

Видеону көрүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Mahabbat
2016-03-18 10:27:37
Тообо, ушуга окшогон кыздардан кандай эне чыгат, кантип тарбиялайт балдарын? Бети жоктор
+6
Rednalf
2016-03-18 10:34:50
Арачалап койгондун ордуна видеого тартып интернетке жайганды эрдик деп билесиңерби?
+11
admin_portal
2016-03-18 10:35:57
Shef87,
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
-3
aiza_84
2016-03-18 11:02:45
Кыз эмей эле бир балээго бул
+3
ad1027
2016-03-18 11:20:37
Менин оюмча, бул жерде эн окунучтуу нерсе, берки жакта турган адамдардын кайдыгерлиги. Кыргызстан мусулман мамлекет, элибиз ыймандуу,руханий байлыгыбыз терен дейбиз. Кана, ушулбу биздин ыйманыбыз, ушулбу биздин руханий байлыгыз? Эй, ойлон досум! Эгерде козунду жумуп, эмне болсо ошол болсун десен, элибиз эч качан онолбойт. Бир куну сенин жакындарын, эжен,кызын ушул корунушко туш болот жана ошого сен куноолусуун. Анткени бир куну кайдыгерлик кылып, тескери басып кеткенсин.
+7
Nadyrbekkg
2016-03-18 11:33:29
Эркектен айырмасы жоко адептуу болуп журушпойбу кыз деген.
+1
josholu
2016-03-18 11:38:30
Бир карын майды бир кумалак май чиритет
0
rozahan55
2016-03-18 11:54:13
Ооба, тигил сабап жаткан кыздын кылганы такыр туура эмес. Бирок эч качан бир нерсени бир жактуу карабаш керек. Тигил сабап жаткан кыздын да өз себептери бардыр. Мисалы, соц.тармактарда көк курткачан кыз сабаган кыз тууралуу интернетке жаман сөздөрдү таратканы үчүн ачууланып, сабаган деп жатышат. Балким ал кызды көк курткачан ошол абалга жеткизгендир.
+3
rozahan55
2016-03-18 12:07:47
Мисалы, былтыр уят дегенди билбеген бирөө менин сүрөттөрүмдү интернетке жүктөп, аябай уят сөздөрдү жазган. Ал учурда мен ошол жасаган адамды таап туруп, колун жанчып салгым келген. Кудайдан коркпогон адамдар бар экенине ошондо таң калгам. Тилекке каршы, таба алган эмесмин. Кудайга койгом. Азыр коомубузда бузуку, бирөөнү бирөө көрө албаган, буттан алып жерге чапкан адамдар көп. Ар бир адам өзү эмнеге татыктуу болсо ошону көрөт. Андыктан сабаган гана адамды күнөөлөп коюу туура эместир.
+4
tim26
2016-03-18 14:50:22
кыргыздын кыздары чоюлуп еле журо бербейби мушашпай
0
lolo.1
2016-03-18 14:54:35
Озун укмуш элестетип жататда (типа озун озу курагындагы кыздардын арасында поровоз сезип)
+1
Shaa-82
2016-03-18 15:52:49
Просто соз жок!
0
Svoboda83
2016-03-18 16:18:19
Кыйын болуп журотта эми мен аны сабадым звезда интернет болдум деп кыйраткансып акыл жок акмак
-1
bek007
2016-03-18 22:34:48
Атасына, бир тууган агаларына,бизге баардык эркектерге наалат. Ар ким өзүнүн карындашын, эжесин карап жүрсө.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан