Бүгүн, 18-мартта Москвада жума намаз алдында шаардын муфтийи Ильдар Аляутдинов метродо аялды куткарган Марат Исаевге ыраазычылык кат жана белек тапшырат. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жергиликтүү муфтиятка шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, иш-чара Москва убактысы боюнча саат 12:30да (Бишкек убактысы боюнча 15:30да) Собор мечитинде миңдеген адамдардын катышуусунда өтмөкчү. "28 жаштагы Марат Исаев өзүн баатыр деп эсептебейт, бирок Орусиянын Муфтийлер кеңеши жана Орусиянын Мусулмандар диний башкармалыгы Кыргыз Республикасынын жаранынын эрдигин белгилөөнү чечишти",- деп айтылат маалыматтарда.
Эскерте кетсек, 11-февралда кыргыз жараны Марат Исаев Москвадагы "Красносельская" метросунун станциясында рельстерге кулап кеткен аялды куткарууга жардамдашкан.