Былтыр I жарым жылдыкта Бишкекте 1240 талапка жооп бербеген сырткы жарнама чечилип алынган, алардын 375инин мамлекеттик тилдеги тексти жок болгон. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Бишкек шаардык кеңешинин жетекчиси Эльвира Ниязбекова жыйындын жүрүшүндө билдирди. Анын айтымында, шаарда көрнөк-жарнак илген компаниялар алардын бөлүмгө келип тексттерин текшертишпейт.
"Бизде көйгөйлүү маселелердин бири - көрнөк-жарнактардагы тил маселеси. Жарнама департаменти иштеп турганда алар жарнактардын тексттеринин эскиздерин бизге көрсөтүп, анан чыгарышчу. Департамент былтыр жоюлгандан бери буга байланыштуу маселе курчуду. Мисалы, 2014-жылы Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнө 662 кайрылуу түшүп, кыргыз тилине которууда көмөк көрсөтүлсө, былтыр кайрылгандардын саны 292ни гана түзүп калды. Мунун айынан борбордо илинген көрнөк-жарнактардын көбү мыйзамдарды одоно бузуу менен илинип калууда",- деди адис.