"Бишкекте көчөлөрдүн аталыштары тактайчаларга орус тилинде жазылганы үчүн даңазалуу эркек адамдарыбыз шаардыктар тарабынан аялдардай аталып калууда". Мындай пикирин бүгүн, 18-мартта жыйында Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын котормо бөлүмүнүн башчысы Аалы Молдоканов билдирди. Анын айтымында, борбордогу көчөлөрдүн аталыштары жазылган тактайчаларды кыргыз тилинде жазып илүү зарыл.
"Шаарда маршруттук такси айдаган айдоочудан баштап үй-бүлө мүчөлөрүбүзгө чейин ар көчөнүн аталыштарына "а" тамгасын кошуп айтабыз. Мисалы, Бөкөнбаев атындагы көчөсүн Боконбаева деп, Күрөңкеев көчөсүн Күрөңкеева деп аташат. Бул такыр туура эмес. Дүйнөдөгү бардык жерде көчөлөрдүн аталыштары мамлекеттик тилде жазылып, туура айтылат. Бизде аталыштарды орус тилинде жазуу - жаңылыштык. Бишкекте эки эле көчө айымдардын атынан коюлган: Бүбүсара Бейшеналиева менен Уркуя Салиева. Аалы Токомбаевдин атын алып жүргөн көчө "А.Токомбаева" деп жазылып турат. Аны кээ бири көзү тирүү балерина Айсулуу Токомбаева атындагы көчө экен деп ойлоп калышы мүмкүн. Биздин тургундар баарын туура эмес атап көнүп калышкан",- деди Молдоканов.