Ысык-Көлдөн табылган байыркы сөөктү изилдөөгө жалгыз палеонтолог табылды, учурда иштеп жатат

Ысык-Көлдөн табылган байыркы жандыктын сөөгүн изилдей турган адис - палеонтолог табылып, учурда табылганы изилдөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта SUPER.KG порталына Улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурас институтунун археология бөлүмүнүн жетекчиси Кадича Ташбаева билдирди. Анын айтымында, 3 адамдан турган окумуштуулардын тобу сөөк табылган Жыргалаң дарыясынын жанында иштеп жатат.

Буга чейин Улуттук илимдер академиясында байыркы жаныбарлардын сөөктөрүн изилдей турган адис - палеонтолог жок делинип келген, көрсө, бир окумуштуу бар экен. Учурда биз жардын боорунда туруп, татаал шартта сөөктү акырындап толугу менен чыгарып алуу аракетин көрүүдөбүз. Бул табылганы чыгарып, андан ары изилдөө үчүн Бишкекке алып келебиз. Алдын ала иш сапарыбыз 2 күн болот деп белгиленген. Бирок аба ырайынын начар болуп жатканы үчүн канча жүрөрүбүз азырынча белгисиз”,- деди академиянын өкүлү.

Эскерте кетсек, байыркы жандыктын баш сөөгүн жергиликтүү тургундар Ак-Суу районунун аймагынан жакында табышкан. Ал мамонттун сөөгү болушу мүмкүн деп божомолдонууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
dasta
2016-03-18 14:05:21
Кечиресинер еки жака ийилип турган муйзу емесби
+1
ms-23
2016-03-18 21:44:30
dasta, жоок ал куйругу)
0
A3A
2016-03-18 16:46:45
- палеонтолог жок делинип келген, көрсө, бир окумуштуу бар экен дейт
(Көрсө) деп документальныйда жазыла береби???
0
finalyear2014
2016-03-18 19:41:30
Ошол бироо болсода бар экен жок болгондо эмне кылышмак, дагы эле кайран чет элден чакыртышмак
0
nursultan67
2016-03-18 20:38:57
Чоон екен муйзу мамынтболушу мумкун
0
nursultan67
2016-03-18 20:39:19
Тезыраак бутургулочу
0
ulan.zhoroev
2016-03-18 21:37:44
Ээ жогоруда олтурган жеп жутарлар соокту изилдеп чукулабай Ала букадагы кыргыз озбек чек арасын карасанар биз жака кирип келишти
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан