SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Манас деген баатыр бар болгонбу?" деген тема талкууланууда. Темада айрым колдонуучулар Манас баатыр болбогондугун, ал жөн гана көркөмдөлгөн чыгарма экенин айтышса, башка колдонуучулар Манас баатырдын болгондугун, анын прототиптерин келтиришип ишенбегендерди ишендирүүгө аракет кылышууда.
Манастын тарыхый инсан экенине ишенбегендер мындай пикирде:
"Мисалы, мен ишене албайм, себеби канча жыл мурункуну жөн эле бир киши түшүнөн көрүп айткан. Эгер чын болсо, азыркыга чейин тукумдары уланып келмек. Аты эле айтып турбайбы, дүйнөдөгү эң чоң чыгарма" деп"...
"Эми бул эл оозунда жаралган эпос да, улам кылымдар өткөн сайын кошулуп, көркөмдөлүп жатып, азыркы биз билген эпос жаралган. Жоокерчилик заманда жашаган элдин кыялы, боштондукка болгон үмүт-максаттары оозеки чыгармага айланып, дүйнөдөгү эң чоң чыгарма пайда болгон"...
"Мисалга, Чыңгыз хан болгон, аны бүт дүйнө билет, дүйнө тарыхында жазылган. Болгон окуяны тарыхка жазат, Манас неге дүйнөлүк тарыхта жок?"...
Манас тарыхый инсан экенин айткандардын биринин пикири мындай:
"Манас бар! Ал жок болсо, түшкө кайдан кирмек эле? Манас баатыр болбосо, аны ким жоктон чыгарма кылып айтмак эле? Албетте, кошумча-алымчалар болгон дечи. Башкасын билбейм, Манас Каныкейге үйлөнгөндө калыңын аксылыктар төлөгөнү анык. Ишенбесеңер, кыргызы болобу, букаралык тажиги болобу (ал убакта сарт дешкен) сурап көргүлө"...
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.