Даун синдрому менен төрөлгөн адамдардын бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата Бишкекте сүрөт көргөзмөсү ачылды (фоторепортаж)

Бүгүн, 18-мартта Бишкектеги соода борборлорунун биринде 21-март - Даун синдрому менен төрөлгөн адамдардын бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата сүрөт көргөзмөсү ачылды. Иш-чараны "Жакшылыктын нуру" аттуу КРнын Даун илдети менен төрөлгөн балдардын ата-энелеринин бирикмеси уюштуруп жатат. Аталган уюмдун мүчөсү Виктория Токтосунованын айтымында, мындай көргөзмөнү алар биринчи ирет өткөрүшүүдө.

2013-жылы биз аталган күнгө карата атайын буклет даярдаганда Даун синдрому менен төрөлгөн балдардын ата-энелеринин арасынан бирөө гана баласын сүрөткө тартууга уруксат берген. Учурда биздин уюмга мүчө болгондордун жарымы сүрөт көргөзмөгө катышууга макул болушту. Биздин максат мындай балдарга коомчулуктагы көз карашты өзгөртүү болуп саналат. Көбү бул балдарды оорулуу, эч нерсеге жарабайт деп ойлошот, чындыгында, андай эмес.

21-март жергебизде Нооруз майрамы дагы болгондуктан, биз иш-чараларыбызды эртерээк өткөрөлү деп чечтик. Эртең ошондой эле Даун синдрому менен төрөлгөн балдардын колунан жаралган буюмдардын жарманкеси жана алардын катышуусу менен чакан концерт өткөрүлөт. Ал эми көргөзмө эртең дагы уланат”,- деди Токтосунова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан