"Аксы районунун аймагына караштуу Кербен - Ала-Бука унаа жолуна блокпост койгон өзбекстандык чек арачыларга бийлик өкүлдөрүнөн эч ким барган жок. Буга тынчсызданган жергиликтүү тургундар өздөрү барышты". Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта SUPER.KG порталына Падыша-Ата айылынын тургуну Нурсултан Абдрасулов билдирди.
"Өзбекстандык чек арачыларга жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн эч ким бара элек. Айыл тургундары буга аябай тынчсызданышууда. Учурда айылдардан чогулган 30дай киши блокпосттун жанында турат. Бирок куралчан өзбекстандык чек арачылар "жакындабагыла" деп блокпост тарапка эч кимди жолотпой жатат. Жолго блокпост коюп, жолдун чекесин зым тосмолор менен да тосуп коюшуптур",- деди
Н.Абдрасулов.