Москванын муфтийи Ильдар Аляутдинов метродо аялды куткарган Марат Исаевге ыраазычылык кат жана белек тапшырды. Бул тууралуу шаардык муфтияттын басма сөз кызматы жарыялады. Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чара Собор мечитинде миңдеген адамдардын катышуусунда өттү.
Эскерте кетсек, 11-февралда кыргыз жараны Марат Исаев Москвадагы "Красносельская" метросунун станциясында рельстерге кулап кеткен аялды куткарууга жардамдашкан. Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев 15-февралда, Орусиянын президенти Владимир Путин 10-мартта М.Исаевди сыйлаган.