Бишкекте троллейбус айдоочулары иш ташташты

Бишкекте троллейбус айдоочуларынын басымдуу бөлүгү жумушка чыкпай койду. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта SUPER.KG порталына Бишкек шаардык троллейбустук башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, айдоочулар айлык акынын аздыгына нааразычылыктарын билдирип ушундай кадамга барышкан.

Учурда жетекчилердин баары бул маселени чечүү боюнча жыйынга кирип кетишкен. Биз билгенден айдоочулардын 100 пайызга жакыны коомдук унааны айдабай коюшту”,- дешти башкармалыктан.

Ага карабай көчөдөн бирин-экин троллейбус элди ташып жатканын байкаса болот.

Бишкек троллейбустук башкармалыгынын директору Мадылбек Абдыразаков буга чейин SUPER.KG порталына берген маалыматында айдоочулардын айлыгы 9 миңден 19 миң сомго чейин көтөрүлө турганын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aidai5555
2016-03-24 10:49:26
Ушулар жөн эле тура турса болмок да, капталдан чыкпай, өлкөдө ансыз да кыйын жагдай түзүлүп жатканда. Буга чейин чыкпай, тапкан убактыларын кара!
+8
kubat_73
2016-03-24 10:57:02
Aidai5555, Жоо жакадан алганда бору этектен алат деген ушу да
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан