Ички иштер министри Мелис Турганбаев диний адис Кадыр Маликов менен экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүүнү талкуулады. Өлкөдөгү диний кырдаал, экстремизм жана терроризмдин алдын алуу жолдору, Маликовго кол салууга шектүүлөрдүн бири Түркиядан кыргыз жерине алынып келингени тууралуу сүйлөшүштү. Муну 23-мартта ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Эске сала кетсек, Кадыр Маликов 2015-жылы 26-ноябрда белгисиз адам менен чырдаша кетип, бычактан жаракат алган.
Турганбаев эксперт Кадыр Маликовго коргонуу үчүн травматикалык тапанча белек кылды. Министрдин бул кадамын "милициянын алсыздыгын моюнга алуу, жарандарды өзүңөрдү өзүңөр коргогула деген белги" деп түшүнүүгө болот. Өлкөдө эми терроризмди жектеген ар бир жаран жанына курал көтөрүп жүрүшү керекпи? ИИМ республикадагы бардык жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу чараларын көрүүгө милдеттүү.