“Жетекчилик маянабызды көтөрөбүз дегенинен кайра жумушка чыктык”,- деди бүгүн, 24-мартта SUPER.KG порталына атын атагысы келбеген №4-троллейбустун айдоочусу. “Жумуш убактыбыз саат таңкы 05:00дө башталат. Ошондон саат 11:00гө чейин баарыбыз каттамга чыкпай койдук. Арабызда кээ бир айдоочулар эл көп болгон маалда гана чыгып, коомдук унааны айдашты. Троллейбустук башкармалыктын жетекчилери айлыгыбызды бир аз көтөрөбүз дегенинен, азыр баарыбыз кайра ишке чыктык”,- дейт айдоочу.
Кошумчалай кетсек, учурда Бишкек мэриясында Троллейбустук башкармалыктын жетекчиси Мадылбек Абдразаковдун ээлеген кызматы тууралуу жыйын өтүп жатканын SUPER.KG порталына шаар жетекчилигинин басма сөз кызматы билдирди.