Троллейбус айдоочуларынын маселесин кароо үчүн атайын жумушчу топ түзүлдү

Троллейбус айдоочуларынын маселесин кароо үчүн атайын жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, вице-мэр Геннадий Милицкий жумушка чыкпай койгон айдоочулардын көйгөйү менен таанышып өттү. Алар айлыктын аздыгына, жетекчиликтин ишине, күнүмдүк жумуш планынын оордугуна жана начар иш шарттарына нааразы экендиктерин билдиришкен. Мындан улам Милицкий Троллейбустук башкармалыктын айдоочуларынын маселесин чечүүгө көмөктөшө турган жумушчу топ түздү. Анын курамына Бишкек мэриясынын жетекчилиги жана башкармалыктын активдери киришти.

Айта кетсек, бүгүн троллейбус айдоочулары кыска мөөнөткө иш ташташкан эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dadasdasd
2016-03-24 15:25:16
Ооба горкий кочосундо эле 3 токтоп турат . Тыгын жаратып.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан