Мода дайыма өзгөрүп турат, бирок ар убак өзүнүн актуалдуулугун, модалуу көрүнүшүн жоготпогон кийинүү стилдери да бар. Германиянын борбор калаасы Берлинде жашаган Гюнтер Антон Краббенхофт жашы бир топко барып калганына карабастан, кээ бир стилисттерди алдына чыгарбайт. Анын сүрөттөрү чет элдик басылмаларда жарыяланды.
"Жумушка же спорт менен машыгууга баратканда деле жөнөкөй эле кийинем. Өзүмдү өзгөчө кийинем деп эсептебейм. Болгону күзгүдөн өзүмдүн кубанычтуу жүзүмдү көргүм келет. Күзгү сырткы көрүнүштү эле эмес, адамдын ички сезимдерин да көрсөтө алат",- дейт стилдүү пенсионер.
Ал жаштардан кем калышпай түнкү клубдарда эс алганды, бийлегенди, спорт менен машыкканды жакшы көрөт. Берлин шаарынын борбордук көчөлөрүндө өзгөчө кийинүүсү менен көпчүлүктүн көңүлүн буруп, көбүнчө велосипед тээп жүрөт.