Эртең, 26-мартта өкмөт аппаратынын кызматкерлери ишембиликке чыгышат. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында белгилүү болду.
Премьер-министр Темир Сариевдин айтымында, эртеңки ишембилик Ботаникалык сейил багында өтүш керек болчу. "Бирок бүгүн түнкүсүн жана эртең менен жамгыр жаап, жер баткак болгондуктан, ишембилик өкмөттүн имаратында өтөт",- деди премьер-министр.