ЖЫЛНААМА, 25-март: Мындан 8 жыл мурун манасчы Каба Атабеков каза болгон

Мындан 8 жыл мурун, 2008-жылы 25-мартта манасчы Каба Атабеков Ысык-Көл облусундагы Тоң районуна караштуу Төрт-Күл айылында каза болгон.

Кыргыз Республикасынын Эл артисти (1994), "Манас"-1000 медалынын ээси (1995), бугунун кыдык уругунан чыккан Атабек уулу Каба Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Төрт-Күл айылында 1924-жылы октябрь айында туулган. Ал бардык манасчыларга таандык болгондой эле кереметтүү түш көрүү аркылуу "Манас" айтып калган. 12-13 жаш курагында үйдө жатканда түшүнө жоокер кийимчен Бакай, Манас, Алмамбет, Чубак, Сыргак, Ажыбай келип: "Мына бул насипти алып жегин! Жебесең атка сүйрөтүп алып кетем!"- деп алты баатырдын алдынкы катарында турган карыя буйрук берет. Каба коркконунан колундагы кумду какап-чакап жутуп жиберет. Баягы карыя баланын жегенин көрүп: "Эми сен мындан ары Манастын баянын айтасың! Жок, антпей турган болсоң, майып кылып салам!"- деп айткычакты болбой баласынын кыйналып жатканын көргөн энеси ойготуп жиберет. Ошондон кийин Каба тилден калып, оозуна наар албай үч күн бою жатып калат.
Жарым ай өтпөй, уй кайтарып жүргөн жеринен Кабага дүңгүрөгөн добуш угулат. Башына туулга, үстүнө зоот кийген беш баатырды баштаган аксакал карыя Кабаны суунун аркы өйүзүндөгү чоң таштын үстүнө отургузуп коюп: "Эми, балам, баягы биз койгон талапты аткарып, билгениңди айт!"- деп буйрук берип, көздөн кайым болушат. Ошондон тартып Кабанын оозу өзүнөн өзү кыбырап, ээлигип, токтоно албай, ыр ырдагысы келет. Уулунун мындай абалын байкаган атасы Атабек Кабаны ээрчитип барып, ошол айылдык Мамбет Чокмор уулу деген белгилүү манасчыга тапшырат. Ал бир нече жыл бою манасчы Мамбет Чокмор уулунун кол алдында жүрүп таалимин алып, такшалат.
Атабек уулу Каба 1940-жылдын июнь айында Фрунзе шаарында өткөн Эл чыгармачылыгынын республикалык олимпиадасына катышып, Манас баянын айтат. Ошол олимпиадада Саякбай Карала уулу анын "Манас" айтканын угуп, жактырып, батасын берет. Ал өмүр бою колхоздун ар кандай тармактарында эмгектенип келгени менен, "Манас" айтуусун эч убакта калтырган эмес. Ал ар дайым манасчылардын облустук, республикалык, эл аралык кароо-сынактарына катышып, алдынкы орундарга татыктуу болуп келген. 1995-жылдын 21-25-июлунда "Манас" эпосунун 1000 жылдык мааракесине карата өткөрүлгөн манасчылардын эл аралык кароо-сынагына катышып, биринчи орунга татыктуу болгон.
Анын айтуусу боюнча Кыргыз мамлекеттик илимдер академиясы тарабынан Кол жазмалар фондуна 1962-жылы "Манас" эпосунун "Жылкы тийүү" окуясы жазылып алынган. Ал эми манасчынын өз колу менен жазып калтырган "Манас" эпосунун болжол менен 65 миң сап ырдан турган айрым окуялары азыркы күндө үйүндө сакталып турат. Атабек уулу Кабанын манасчылык өнөрү тууралуу голландиялык окумуштуу Ниенке ван дер Хейденин илимий эмгектери англис тилинде жарык көргөн. 1998-жылы манасчы Атабек уулу Кабанын чыгармачылыгы жөнүндө Голландиянын кинокомпаниясы тарабынан "Акыркы манасчы" ("The Last Manaschi") деген 40 мүнөттүк даректүү кинотасма тартылган. 2000-жылы Ж.Орозобекованын киносценарийинин негизинде Швейцария менен Франциянын биргелешкен кинокомпаниялары тарабынан тартылган "Манасчы" деген даректүү кинотасмага Атабек уулу Кабанын айтуусунда "Манас" эпосунун "Чоң казат" эпизодунан айрым үзүндүлөр тартылып алынган.
Манасчы 1995-жылы Түркия, 1996-жылы Франция мамлекеттеринин атайын чакыруусу боюнча "Манас" айтып барып келген. 1998-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын "Устат-шакирт" аттуу долбоорунун алкагында бир катар жаш манасчыларды тарбиялаган. “Манас” айтуучулук өнөрү Саякбай Карала уулу менен Чокмор уулу Мамбеттин стилине үндөшүп турат. Анткени анын өнөрүнүн калыптанышына түздөн-түз бул эки манасчынын таасири болгон. Ал кийинки жылдардагы "Манас" эпосунун, манасчылык өнөрүнүн салттуулугун сактап келген манасчылардын бири болгон.
25-марттын жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан