Кыргыз-тажик чек арасындагы эки айылдын тургундарынын ортосундагы түзүлгөн түшүнбөстүк чечилди. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, учурда кыргыз жергесинин Ак-Сай жана Тажикстандын Чорку айылдарынын тургундары биргеликте Каравшин дарыясынан кум-таш алышууда.
Эскерте кетсек, 27-мартта 3-4 кыргыз жараны аталган дарыядан кум-таш алалы деп келгенде Чорку айылынын тургундары буга уруксат бербей коюшкан. Нааразы болгон кыргыз жарандары 30-36 адамдан турган топту чогултуп суунун жээгине келишкен. Пикир келишпестикти ырбатпоо үчүн эки тараптын чек ара тозотторунун жетекчилери окуя болгон жерге келишкен. Бүгүн Каравшин суусундагы кум-ташты биргеликте пайдалануу боюнча суроо Ак-Сай жана Чорку айыл башкармалыктарынын жетекчилеринин жолугушуусунда каралат.