Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев кыргыз жеринде тарткан сүрөттөрүн Таиландда көргөзмөгө койду (фото)

Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев бир канча убакыттан бери тартып жүргөн сүрөттөрүн Таиланддын борбору Бангкок шаарында көргөзмөгө койду. Арасында кыргыз өлкөсүндөгү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүп, жалындап күйүп ат чаап бара жаткан чабандестин жана Семёнов капчыгайында жергиликтүү элдин жылкы айдап бара жатканы тартылган сүрөттөрү бар. Учурда анын бул өнөрүнө Таиланддын 100 миң деген жарандары жана чет өлкөлүк коноктор күбө болушууда.

Медведев коомчулукта фотоаппарат менен сүрөт тартууга кызыгары жана социалдык түйүндөрдү эң активдүү колдонгон саясатчы катары да белгилүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
bekos2012
2016-03-28 16:03:30
Сонун, бул да болсо Кыргызстанга реклама
+20
eldar.
2016-03-28 16:04:40
Ото жакшы. Айрыкча от менен бара жаткан кыргыз баатыры тай элине озгочо таасир калтырат деп ишенем.
+14
ekaterinburg
2016-03-28 16:19:04
Кобуроок койсо жакшы болмок ээ?)))
+7
EdikoKG
2016-03-28 17:30:56
Жигитке жетимиш онор аз. Бир эле мамлекет иши менен алектене бербей,суротчу да экен. Бул деген - талант. Азамат!)
+3
ruslankg
2016-03-28 19:00:43
Россиянын экономикасы эмнеге томондоп кетти десе Медведев сурот тартып кеткен турбайбы.)))
-2
arzygulR
2016-03-29 01:43:43
Молодец Качан Кыргызстанда болоткен
0
AlbertEnshtein
2016-03-29 03:28:13
Инстаграммын коруп эле байкагам жакшы суротчу экенин.
0
ere
2016-03-29 11:26:26
Керемет жерим КЫРГЫЗСТАН!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан