ӨКМ: 31-марттан 2-апрелге чейин өлкөдө жаан-чачын күтүлөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 31-мартта аба ырайы өзгөрөрүн кабарлады.

31-марттан 2-апрелге чейин республиканын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым райондорунда жаан-чачын катуу жаай турганы болжолдонууда. "Мындай аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика, коммуналдык кызматтардын ишин жана кыштоо жайыттарында мал кармоону кыйындатат. Шашылыш билдирүүгө байланыштуу табият кырсыктарынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана чыгымдарды азайтуу максатында тийиштүү органдарга эскертүү берилди",- деп билдирет министрлик.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
NUR-01
2016-03-29 09:24:42
Даны алдады
+1
BARSBEK.KG
2016-03-29 09:27:54
Жаан жааса жакшы болмок
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан