Автоунааларга жаңы үлгүдөгү мамлекеттик номурларды даярдоо үчүн тиешелүү жабдуулар келди. Кечээ, 29-мартта Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев билдиргендей, жаңы номурлар 1-июндан тарта чыга баштайт.
"Биз буйрутма кылган 380 калып дүйнөдө уникалдуу болуп саналат. Даярдоочу заводдон тиешелүү кат алынды",- деп билдирди Сарпашев.
Ушул жылдын 4-мартында "Инфоком" мамлекеттик ишканасы мамлекеттик номурларды даярдоо боюнча сынактын негизинде жеңишке жеткен "Типография №2" компаниясы менен келишим түзгөн. Келишимге ылайык, жалпы жабдуулардын саны 1 миллион 922 рублду түзгөн. Белгилей кетсек, каттоо номурларын мамлекеттик ишканаларга чыгарууда мамлекеттин казынасына таза кирешенин 50 пайызы түшөт.