26-март күнү эртең менен Бишкектеги үйүнөн чыгып кетип, дайынсыз болуп жаткан 14 жаштагы Айдар аттуу бала 29-мартта табылды. Жашы жете электер менен иштөө боюнча инспекциясынан билдиришкендей, Айдардын кайда жүргөндүгүн Сыргак аттуу бала анын ата-энесине билдирген.
Маалым болгондой, Айдар буга чейин да үйүнөн эч кимге айтпай чыгып кетип жүргөн. Бул жолу ал Жакшылык аттуу досу менен кетип калганы белгилүү болгон.