Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү бүгүнкү күнгө карата 8 миллиард 955 миллион куб метр болду. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта “Улуттук электр станциялары” мамлекеттик ишканасынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, агып кирген суунун көлөмү суткасына секундасына 212 куб метрге, агып чыккан суу секундасына 259 куб метрге жетүүдө. Былтыр 30-мартта суу сактагычтагы суунун көлөмү 6 миллиард 449 миллион метр кубду түзүп, агып кирген суунун көлөмү суткасына секундасына 188 куб метр, агып чыккан суу секундасына 634 куб метрди түзгөн.