Бишкекте курулуш жана энергетика тармагындагы ата мекендик жана чет элдик ишканалардын өнөр жай көргөзмө-форуму ачылды (фоторепортаж)

Бүгүн, 30-мартта Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын манежинде “Эл аралык инвестициялык-өнөр жай көргөзмө-форуму-2016” ачылды. Иш-чара быйыл 14-жыл катары менен өткөрүлүп, ага бул ирет Германия, Түркия, Орусия, Украина, Беларусь, Казакстан, жалпысынан 10 өлкөдөн келген 50 компания катышууда.

Көргөзмөнү Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарбачылыгы агенттиги уюштурууда. Мекеменин директорунун орун басары Алмаз Абдыкаров ачылыш аземде: “Бул көргөзмөнүн уникалдуулугу ата мекендик катышуучу-компаниялар чет элдик кесиптештери менен тажрыйба алмашып, потенциалдуу өнөктөштөрү жана керектөөчүлөрү менен байланыш түзүү мүмкүндүгүн алгандыгында. “Эл аралык инвестициялык-өнөр жай форумунун” ишкердик программасы өзүнө семинарларды, мастер-класстарды, жаңы технологияларды жана жабдуулардын бет ачарларын өткөрүүнү камтып турат”.

Көргөзмө 1-апрелге чейин уланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан