Бишкек мэри Албек Ибраимов 29-мартта шаардык кызматтардын жана мэрияга караштуу түзүмдөрдүн өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өткөрдү. Анда Бишкекти көрктөндүрүү, эскирген бактарды жок кылуу боюнча сөз болду.
Мэриядан кабарлашкандай, "Жашылдандыруу" ишканасына аз убакыт ичинде бактардын эсебин чыгаруу жана эскиргендерин жок кылуу тапшырмасы берилди. Ошондой эле 27-мартта Турусбеков көчөсүндө катталган окуя боюнча (бак унаалардын үстүнө кулап, 1 адам каза тапкан) кызматтык иликтөө башталганы айтылды.