Кечээ, 29-мартта өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун курулушу боюнча жыйын өткөрдү. Жыйынга Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тобунун жетекчиси, "Тим интернейшнл" ишканасынан, "Копри Сино-Хидро" Кытай-Кувейт компаниясынан өкүлдөр жана тиешелүү мекеме жетекчилери катышты.
Облус башчысы Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун курулушу уланып жатканын, бирок райондорго барып эл менен жолугушуу учурунда жол курулушу боюнча бир нече маселени көтөрүп жатышканын белгиледи: "Кур-Терек тилкесинде суу түтүктөрүн орнотуу үчүн макулдашылбаган жерлерди казып салышкан. Ал эми кээ бир карьерлерди тиешелүү уруксат кагаздары жок казышууда. "Максат" жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан электр зымдары тартылып, келишим боюнча Эмгекчил айылынын тургундарына калтырылмак экен. Жакында ал ишканадан кат жазып жиберишиптир, долбоор бүтөрү менен электр чубалгыларын жыйнап кетебиз деп. Бул элдин нааразычылыгын жаратууда. Жергиликтүү бийлик катары аймагыбызда болуп жаткан көрүнүштөргө убагында көңүл бурушубуз керек".
Мындан тышкары жыйындын негизги максаты жол курулушуна тиешелүү тармактардын катышуусунда аталган унаа жолунун куруу этаптары жана мөөнөттөрү боюнча толук маалымат алуу болду.