Баткен облусунун Сүлүктү шаарында жайгашкан "Сүлүктү" көмүр ишканасына таандык электр чордонунун абалы өтө начар. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 30-мартта Мамлекеттик экотехинспекциянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, аталган электр чордону маанилүү объектилердин катарына киргендиктен, күнү-түнү кайтарылып, электр чордонунун ишин атайын адистер тескөөсү шартталат.
“Бул нормалар ишкана тарабынан сакталган эмес. Мамэкотехинспекциянын Сүлүктү шаары боюнча башкармалыгынын адистери бир нече ирет ишкананын жетекчилигине эскертүүлөрдү берип келгенине карабай талаптар аткарылбаганы бүгүнкү текшерүүдө да анык болду. Кароолчулар жана атайын адистер жок болуп чыкты. Ал эми электр чордонуна кире берчү эшиги да кулпуланбай, ачык бойдон турат.
Мамэкотехинспекциянын Сүлүктү шаары боюнча башкармалыгынын инспектору Кулмамат Масалиевдин айтымында, аталган электр чордонунан 20дан ашуун шахта ток менен камсыздалат. Кокус ток берүү үзгүлтүккө учураса, шахталарда иштеген жүздөгөн адамдын өмүрүнө коркунуч туулат. Бул маселе боюнча бир нече эскертүүлөр берилген, бирок "Сүлүктү" көмүр ишканасында ай сайын директорлор алмашып жатат. Өз кезегинде Мамлекеттик экотехинспекция койгон талаптар аткарылбаса, мыйзам чегинде катаал чаралар көрүлөрүн инспектор баса белгилейт”,- деп айтылат маалыматта.