Бүгүн, 30-мартта Ош шаарында окуучулардын эмгектеринин көргөзмөсү болду. Анда жатак-мектептин окуучулары ар кандай сүрөттөрдү, кийизден, кездемеден, кагаздан жасаган кооз буюмдарын көргөзмөгө коюшту.
Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашкандай, буга катар окуучулар келген конокторго ыр-бийлерди тартуу кылышты.
Окуучуларды окутуп-үйрөтүү “Благодать” кайрымдуулук фонду тарабынан 5 айдан бери “Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жөндөмүн арттыруу” долбоору аркылуу ишке ашууда. Иш-чарага Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан, Ош шаардык мэриясынан жана тиешелүү тармактардан өкүлдөр катышты.