Ата-энелер уул үйлөнтүп же кыз узатарда "жакшы жер экен, жакшы кыз, жакшы бала, билимдүү экен" деген кептер айтылат. Жогорку билимдин үй-бүлө курууга тийгизчү таасири канчалык? SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Үй-бүлө куруу үчүн дипломдун зарылчылыгы барбы?" деген тема талкууланууда. Пикирлер мындай:
"Билимдүү адамдын интеллектуалдык деңгээли жогору, дүйнө таануусу кенен болот. Билим диплом менен эле чектелбейт. Дипломду сатып албай, билимди тереңдетип окуш керек. Ошондуктан үй-бүлө курууда билимдин зарылчылыгы бар".
"Диплом бакытты чечпейт, бирок окуган адам менен окубаган адамдын айырмасы чоң, түшүнүгү, ой жүгүртүүсү, жашоого көз карашы, өзүн алып жүрүүсү, туура сүйлөө, айта берсең көп эле. Ошол үчүн тең теңи менен эле болгону жакшы".
"Окуп диплом алгандардын көпчүлүгүнүн окубагандардан айырмасы деле жок го. Көпчүлүгү окубай туруп эле өтө сабаттуу болушат, анча-мынча окугандардан алда канча кругозору бийик турат. Негизи, адамдагы прогресс окуган-окубаганга эмес, изденүүсүнө карап ачылат".
"Үй-бүлөдө дипломдун мааниси жок".
"Албетте, кереги бар. Жигит кызына "окубай эле кой, өзүм багам" деп үйлөндү, кийин кокустук болуп экөө ажырашса, кыз окуудан жок же күйөөдөн жок ортодо калат".
"Кандай болгон күндө да башка бирөөнү карап отурбай, өзүң сүйгөн кесипте иштеп кем-карчыңды толуктап, андан да кайын журтуңа сен эмес, алар сага жагынып турганы жакшы эмеспи. Баланы чоңойтуп коюп үйдө эле отурбайсың да, иштешиң керек, мына ошондо диплом жардамга келет. Азыркы замандын талабы ушул".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.