Бишкек мэриясы 31-мартта "Ош базарында" баш аламан соода жүргүзүүнү жоюу максатында рейд жүргүздү. Вице-мэр Замирбек Малабеков, Ленин районунун акими Аскар Мирлан уулу баштаган топто Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү жана милиция кызматкерлери болушту.
Мэриядан кабарлашкандай, жыйынтыгында вице-мэр Ленин районунун акимине ар бир соодагердин укугун коргоо, чарбалык субъект ээлеринин өздүгүн аныктап, тиешелүү документтерин текшерип чыгуу боюнча тапшырма берди.
Вице-мэр бул үчүн базардагы орун алып иштеткен, салык төлөгөн, ошол эле учурда баш аламан соода жүргүзгөндөрдүн айынан чыгымга учурап жаткан активисттерди жардамга чакырууну сунуштады. Ошондой эле шаардык милиция да бул жаатта көбүрөөк жумуш аткаруусу керек экени белгиленди.