Бишкекте Спорт Ордосунун артындагы көп кабаттуу үйдүн ээси мыйзамсыз ээлеген жерди кайтарып бербей жатканы айтылды

Бишкекте Максим Горький атындагы сейил бактын түштүк тарабында жайгашкан “2 КИТА” аталышындагы көп кабаттуу үйдүн ээси имараттын айланасын мыйзамсыз курчап алган. Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын билдиришинче, үйдү курган компания буга чейин 1 гектардай аянтты ээлеп келгени менен, мамлекетке салык төлөгөн эмес. Кожомкул атындагы Спорт Ордосунун айланасына курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөр жер алдынан өтүүчү суу түтүктөрүн улай алышпай ортодо келишпестиктер жаралган.

Жабырлануучу тарап бир нече жолу сотко кайрылып, мыйзамсыз курчалган жерди кайтарып алуу иштери жүргүзүлүп келет. Бирок соттун чечимине макул болбогон аталган үйдүн жашоочулары сот чечимин өзгөртүү боюнча арыз жазганы айтылды. Аталган үйдүн жерди мыйзамсыз ээлеп турганынын айынан унаа жолу тар болуп, өрттөн куткаруу жана "Тез жардам" кызматынын унааларынын киришине тоскоолдук жаратып жатканы айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
AiBoru
2016-04-01 08:58:25
Ошол жер же уй бир бей бечаранын уйу болсо, эчак эле трактор менен сурдуруп салмак. Нарыдан бери эле жок кылып.
+10
behappy74
2016-04-01 09:15:24
Ким каалаган жерин коруп алып эле менчиктемей болуп калганбы. Даны догун артышат го.Бизде эч нерсеге карабай закон турундо иш алып барганга уйротуш керек элди. Ошондо мындай наглыйлар да жоголот эле. Бут турттуруп салып коругандарга олчойто штраф салыш керек, ошондо болот тартип
+2
SHATY
2016-04-01 10:19:15
Аа ооба, бул жерден жамбаш айланбайт.
-1
admin_portal
2016-04-01 10:36:45
musabaeva..., коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөргө тыюу салынган! Эскертүү!
-7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан