КРнын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев өлкөдө кант диабетине чалдыккандардын саны 50 миңден ашканын айтат.
Министрликтен кабарлашкандай, бул 2016-жылдын башында катталган көрсөткүч. Бишкекте эле аталган дарттан жабыркаган 131 жаш бала бар.
"Аталган ооруга туруштук берүү мүмкүн. Бейтап өзүн дайыма көзөмөлдөп, тамагына олуттуу көңүл буруп, дарыланып турушу керек. Бул өзгөчө балдар үчүн маанилүү. Кайсы бир диагноз бактылуу балалыктан ажыратпашы керек. Бул үчүн калкка маалымат жеткирүүнү улантуу керек",- дейт министр.
Министр бул пикирин "Балдарга келечек тартуулайбыз" деген аталыштагы тегерек столдун жүрүшүндө билдирди.