Газдын апрель айына карата баасы өткөн айга салыштырмалуу 73 тыйынга арзандады

Кыргыз жеринде 1-апрелден тарта жаратылыш газынын тарифтик баасы 73 тыйынга арзандады. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынын маалымат кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, газдын 1 метр кубу карапайым калкка 15 сом 83 тыйындан берилсе, ишканалар, коммерциялык структуралар жана бюджеттик мекемелер үчүн бардык салыктарды кошо келгенде баа 19 сом 25 тыйынды түзөт. Эсебин чыгара келгенде, өткөн айга салыштырмалуу газдын калкка берилген баасы 73 тыйынга, ишкана жана мекемелерге берилген баа 83 тыйынга арзандады.

Баанын төмөндөшү доллардын курсунун сомго карата түшүп жатканы менен байланыштуу. Газ берүүчү ишкана ар айдын башында доллардын наркына жараша баа коёт. Марттын акыркы күндөрүндө доллардын курсу 70 сомдон түшүп калганы байкалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Akmosha
2016-04-01 23:39:43
15,83 тыйындан эмес эле,16,56 тыйындан берип жатат Токмокто.Эмнеге андай анда?Арзандады деген эле кабар угайлычы,свет да арзандаса жакшы болмок Эми.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан