SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Эркектер, макул болот белеңер?" деген тема талкууланууда. Автор мырзаларга мындай суроо салган: "Сенден балалуу болгум келет, төрөгөндөн кийин сенден эч нерсе талап кылбайм, доо койбойм, бала өзүм үчүн керек, төрөп алайын, эч ким билбейт" десе эмне кылмаксыңар?"
Жазылган пикирлер мындай:
"Мен жок демекмин, корккондуктан эмес, баланын жоопкерчилигинен, кантсе да сенин каныңдан жаралган бала эмеспи. Өмүр бою баланы ойлонуп өткөндөн көрө тынч жүргөн жакшы".
"Аялдан амал качып кутулбайт, эгер кааласа силердин макулдугуңарды сурашпайт. Мүмкүн, балдарыңар бардыр?.."
"Ийген нерсени эмип кой" деп илгеркилер бекер айтпаса керек. Канчалаган спермалар тыттын түбүндө, ажаткана кагаздарында бекер калып кетип жатат. Андан көрө бирөөгө жөлөк-таяк адам болсо болбойбу?"
"Тукум калтырыш керек да бул жашоодо, канча көп болсо, ошончо жакшы. Анан ким менен, каерде, кантип, бул маанилүү эмес".
"Азыр аялдар эркектерден көп. Эми ошолордун тагдырын деле түшүнүш керек. Башка улуттан деле секелек кыздарыбыз төрөп жатпайбы жээндерди. Менин учурда үй-бүлөм бар, бирок мага сунуш түшүп калса, макул болмокмун".
"Мындайдан алыс эле болгон дурус, эмне болгон күндө да бала сеники. Ал баланы кантип тарбиялайт, кокус ал аялга бир нерсе болсочу, баланы ким карайт? Ал бала чоңойгондо атасы ким экенин билбей азап тартат".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.