Бишкекте 1-апрелден 2-апрелге караган түнү Ч. Айтматов - Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жол чырак иштебей айдоочуларга ыңгайсыздык жаралды. Бул учурда жол кыймылын жөнөкөй жарандар жөнгө салышып, жолдун ортосунда МАИ кызматкеринин милдетин аткарышты.
Жарандар кырдаалды видеого тартышкан. 1-апрелден тарта жаңы иштей баштаган патрулдук милициянын автоунаасы жол чырак иштебеген жерге келип, бирок жол кыймылын жөнгө салуунун ордуна кайра качып кеткени видеого тартылып калган. Аталган жерден патрулдук милициянын башка кызматкерлери да өткөн, бирок реакция жасашкан эмес. ИИМ буга чейин патрулдук милиция окуя болгон жерге ыкчам жетип барып, чара көрөрүн айтып жаткан. Жаңы кызмат ишин баштабай жатып коомчулуктун сынына кабылды.
Бишкек шаардык патрулдук милиция башкармалыгы кырдаалды иликтеп, окуя болгон жерден качып кеткен күнөөлүү кызматкерлерге чара көрүлөрүн билдирди.