Саякаттап, дүйнөнүн кооз жерлерин сүрөткө түшүргөн "National Geographic" басылмасынын фотографтары 6-10-май күндөрү кыргыз жеринде болуп, өлкөбүздүн кооз жерлерин сүрөткө түшүрүшөт. Сүрөтчү Андрей Каменев учурда Улуу Жибек жолу боюнча фототурга команда чогултуп жатат. Бул тууралуу аталган журналдын расмий сайтында кабарланат.
"Гүлдөгөн кызгалдактар, сыйкырдуу Ысык-Көл, Түндүк Тянь-Шань тоолорунун кар баскан бийиктигинен панорама (бийиктен көрүнгөн кең көрүнүш) алуу, Жети-Өгүз аскаларынын көркөмдүгү - бул фототурдун катышуучулары күткөндүн бир бөлүгү гана. Ошондой эле Улуу Жибек жолундагы үч багыттын бирөөсүн басып өтүп, байыркы тарых менен кездешүү жана "National Geographic Орусия" журналынын шеф-сүрөтчүсү Андрей Каменевдин кол алдында мыкты кадр жасоо мүмкүнчүлүгү түзүлөт",- деп жазылат маалыматта.
Фотоэкспедициянын ар бир катышуучусу эстелик дипломун алат. Ал эми мыкты делген сүрөттөр "National Geographic Орусия" журналына жана алардын расмий сайтына жарыяланат.