SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Эрте үйлөнүү менен кеч үйлөнүүнүн оң жана терс жактары" деген тема талкууланып жатат.
Темада төмөндөгүдөй пикирлер айтылууда:
"Эркек адам окуусун бүтүп, бутуна туруп, туруктуу ишке кирип, үй-жай алып анан үйлөнсө жакшы. Турмушта ар кандай нерселер болот. Аял-эркектин ортосундагы уруштун чыгышы көбүнчө акча каражатына келип такалат. Бардык нерсе жетиштүү болсо, балалуу болуп балаң менен батирлеп жүрбөйсүң, мектептен мектеп которбойсуң, тытынып иштебейсиң, үй-бүлөң менен эс алганга убактың болот".
"Эркектерге айтарым, орун-очок алып жайгашып алып анан үйлөнгүлө, бизге окшоп өз балаңды өзүң тарбиялай албай ар жерде тентип жүргөндөн көрө".
"Ажырашкандардын көпчүлүгү эле эрте үйлөнгөндөр болуп жатат. Токтолуп, бутуна туруп турмуш курган жакшы".
"Адам эрте үйлөнөбү, кечпи, дээринде эч нерсе жок болсо, курган үй-бүлөсүнүн убалына калат, же ажырашып тынат, же өмүр бою кыйнап өтөт. Буга көптөгөн мисалдар бар".
"Эрте турмуш кургандын пайдалуу жагы - балаң эрте бой жетет. Бирок минус жактары көп эле болот экен. Таарыныч, уруш, түшүнбөстүктөр басылбайт, мисалы, мени жубайымдын кызгануусу тажатып жиберди. Тойго барып келсең кабагы ачылбайт же тойго барбай коё албайсың".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.