Бишкек мэри 9 жашар баланы иттен арачалап калган троллейбустун айдоочусун сыйлады

Бүгүн, 4-апрелде Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов 9 жаштагы баланы иттен арачалап калган троллейбустун айдоочусу Мелис Калмырзаевди кабыл алып, ага саат белек кылды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Окуяга токтолсок, 30-мартта №4-троллейбустун айдоочусу Ак-Тилек конушунан өтүп баратып жаш баланы кара түстөгү чоң ит тиштеп алганын байкаган. Ит баланы сүйрөп жатканда айдоочу троллейбусту токтотуп, аны арачалап калган. Баланын саламаттыгына көп залал келгенге чейин иттен куткарып калууга жакын жердеги балдар да көмөктөшкөн.

Бүгүнкү күндө иттин "чабуулуна" кабылган бала шаардагы №3-оорукананын травматология бөлүмүндө дарыланууда. Анын жамбаш булчуңу жана буту жабыркаган. Дарыгерлердин айтымында, азыр анын абалы канааттандырарлык.

Ал эми иттин ээси компенсация төлөөгө милдеттендирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
ayjamal83
2016-04-04 15:10:42
Ушундай азаматтарыбызга рахмат! Ушулар чыныгы патриоттор!
+15
Komrad
2016-04-04 16:19:42
Эт ээсин тартат. Бир эле ал эмес бардык иттер.
-2
begai93
2016-04-04 17:37:41
Молодец! Жакшы кылыптыр сыйлап. Былтыры болсо керек Таш комурдо бир келин жаш кызын которуп копуродон секиргенде бир бала тушуп кызды куткарып калды эле ал Супер инфого да чыкса керек эле. Ошого да сыйлык берилди беле эстей албай жатам
+1
admin_portal
2016-04-05 10:55:18
kyzburak87, биринчиден,"Саясат" рубрикасындагы кабарларга провокация жаратуучу билдирүүлөр көп түшүп жаткандыктан, убактылуу комментарий жазуу мүмкүнчүлүгү жабылган. Экинчиден, сын-пикирлерди тиешелүү даректерге жөнөтүп жүрүңүз! Эскертүү!
0
alhamdulillah
2016-04-05 17:36:17
Мараттан. кийин бийликтегилер ойлонушту мурун бундай эрдиктер айтылбай калат эле.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан