Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жайгашкан таштанды таштоочу жай мыйзам бузуулар менен иштеп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн алдындагы Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, таштанды жайында экологиялык нормалар сакталган эмес. Жугуштуу оорулардын жугуу коркунучу да жогору. Таштанды жайы дөң жерде жайгашкандыктан, жаан жааганда таштандылар кошо калктуу конуш тарапка агат. Полигондун айланасы да курчоого алынган эмес. Катуу шамал жүргөндө таштанды жайындагы калдыктар жакын жайгашкан айылдарга жайылып, жергиликтүүлөргө ыңгайсыздыктарды жаратып келет.
Экологиялык талаптарга ылайык, таштанды жайлары 1000 метр алыстыкта болуусу шарт. Бирок Ала-Буканын таштанды жайы жакын жердеги турак үйлөрдөн 200 метрге жетпеген аралыкта жайгашкан. Мамэкотехинспекциянын Ала-Бука району боюнча башкармалыгынын адиси Дооронбек Жумакариевдин айтымында, буга чейин таштанды жайы болгон эмес. Жарандар ушул аймакка төгүп жатып төмөндөгү аймакты таштанды жайга айландырып алышкан. Бүгүнкү күндө таштанды жайга Ала-Бука районунан сырткары ондогон айылдардын таштандылары ушул аймакка төгүлүп жатат. Жергиликтүү бийлик органдарына таштанды жайындагы экологиялык терс кесепеттерди жоюу боюнча эскертмелер берилген. Бирок талаптар аткарылбай жатат. Жакынкы күндөрү таштанды жайын иретке келтирип, экологиялык нормалар камыздандырылбаса, мыйзам чегинде катаал чаралар көрүлөт.