Америкалык басылма кыргыз өлкөсүн дүйнөдөгү эң кедей 50 өлкөнүн катарына кошту. "Global Finance Magazine" басылмасы түзгөн тизмеге жалпы 185 мамлекет кирген. Басылма рейтинг түзүүдө Дүйнөлүк банктын жана Эл аралык валюта фондунун маалыматтарына таянган. Кыргыз жеринде ички дүң продукция киши башына 3500 доллар туура келери айтылат маалыматта.
Басылманын тандоосу боюнча алдынкы үчтүккө Катар, Люксембург жана Сингапур кирген. Ал эми Борбордук Азия мамлекеттери арасында ИДПсы киши башына 25 миң доллар болгон Казакстан лидерлик орунду ээлеп, дүйнөдөгү эң бай 50 өлкөнүн катарына кошулду. Орусия 51-орунда болсо, Түркмөнстан 77-орунда, Өзбекстан 127-орунда, кыргыз өлкөсү 142-орунда, Тажикстан 153-орунда.
Тизмеде акыркы орунду Борбордук Африка Республикасы алган.