Укук коргоочу: "Кыргыз жеринде айына 3 миңден ашуун аял зордук-зомбулукка кабылат" (фото)

Бүгүн, 4-апрелде Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аянтында коомдогу аялдарга карата жасалган ар түрдүү зордук-зомбулукка каршы тынчтык митинги уюштурулду. Акциянын уюштуруучусу "Бир дүйнө-Кыргызстан" кыймылынын жетекчиси Төлөйкан Исмаилова акция ар бир айдын төртүндө үзгүлтүксүз уюштурулуп турарын айтат.

"4-мартта да Таластагы 3 сот аткаруучу тарабынан зордукталган Калия Арабекова жана Райкан Алкановду өлтүрүүгө аракет жасашты деп шектелип кармалган Динара Нурманбетова менен Бегайым Турарбекованын укугун коргойлу деп чыкканбыз. Бүгүн да аялдар кабылып келген зордук-зомбулукка чекит коюлсун, парламент, сот, бийлик өкүлдөрү, укук коргоо кызматкерлери көңүл бурсун деп акциябызды улантып жатабыз. БУУнун изилдөөсү боюнча Кыргыз Республикасы артта калган өлкөлөрдүн катарына кирип, өнүккөн өлкөлөрдөн 120 орун артта турат. Мунун башкы себеби жакырчылык, билимдин жетишсиздиги жана аялдардын зордук-зомбулукка кабылышы, энелердин өлүмүнүн көбөйүшү. Кыргыз жеринде айына 3000ден ашуун кыз-келиндер, аялдар зордук-зомбулуктун сексуалдык, моралдык жана физикалык түрлөрүнө, ала качууга, жана башка кордуктарга кабылып келишет. Мындай коомдогу терс көрүнүштүн алдын албасак, масштабдуу көйгөйлөрдүн бирине айланары толук мүмкүн",- дейт Т.Исмаилова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tairermatov
2016-04-04 18:00:21
Берилем деп беш муноттук кумарга.
Канчалары калып жатат убалга.
Беш муноттук кумарды деп тозокто.
Куйбогуло, карагыла кудайга.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан