Ажылыкка баруучуларды каттоо иштери 11-апрелде башталып, республика боюнча 34 каттоо пункту ишке кирет

Быйыл ажылык сапарына баруучуларды каттоо иштери 11-апрелде башталып, 11-майга чейин созулат. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, каттоо Кыргыз Республикасынын Мусулмандар дин башкармалыгынын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттарда жүргүзүлөт.

Каттоо иши Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында өткөрүлүп, жалпысынан 34 каттоо пункту ишке кирмекчи. Ысык-Көл, Нарын, Талас, Бишкек жана Ош шаарында каттоо иши казыяттарда гана жүргүзүлөт. Ал эми Баткен, Чүй, Жалал-Абад, Ош облусунда ажыларды каттоо иши казыяттарда жана райондордо өтүп, жалпы 29 каттоо пункту ишке кирмекчи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
tursunai98
2016-04-05 12:43:22
качан кайсы айда барышаттар ажыга и сомго жолкиреси канча сом сураныч айтып койунуздарчы туугандар эгер билсениздер
0
birekiuchtort
2016-04-05 15:41:38
tursunai98,ушул жылдын сентябрь айынан баштап жолго чыгышат ал эми жолкиресин билбейт экенмин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан